Талды-Булак айылында жаңы мечит ишке берилди

Талас районундагы Талды-Булак айылында жаңы мечит ачылып, ачылыш аземине ЖКнын депутаты Бакытбек Чойбеков, Талас облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Өмүрзак ажы Абдысамат уулу, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси шейх Мухаммад Абдуррахман Альшая, атайын чакырылган меймандар, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Алгач Өмүрзак ажы Абдысамат уулу мечит салуунун артыкчылыктарын айтып, демөөрчүлөргө ыраазычылыгын билдирсе, «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси, шейх Мухаммад Абдуррахман Альшая жергиликтүү тургундарды мечиттин ачылышы менен куттуктап,

«Урматтуу бир туугандар! Жаңы мечитиңиздер кут болсун, беш убакыт намазды ушул мечитте окуңуздар. Жеке окуганга караганда жамаат менен окулган намаздын сообу 27 эсеге артыгыраак. Ошондой эле пайгамбарыбыз Мухаммадга (с.а.в.) көп салават айтып жүрүңүздөр», – деди.