«Медресе Ислам» диний окуу борборунун мыкты окуучуларына сыйлоо баракчалары тапшырылды

Бүгүн, 16-январь күнү Ош облусуна караштуу Алай районунун Жошолу айыл аймагындагы Үч-Чат айылында жайгашкан «Медресе Ислам» диний окуу борборунун мыкты окуучуларына сыйлоо баракчалары тапшырылды.

«Биздин окуу жайда окуп жаткан окуучулар баштапкы диний илимдерин алып, дин тууралуу толук маалыматка ээ болушат. Негизгиси үй-бүлө баалуулуктарын сактоо болуп саналат. Ата-энени сыйлоо, улууга урмат, кичүүгө ызат жана жүрүм-турумун жакшыртуу боюнча колдон келишинче аракет кылуудабыз», – деп билдирди диний окуу жай жетекчилиги.