Лейлекте имамдын эмгеги айыл тургундары тарабынан бааланып, автоунаа белек кылынды

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Лейлек айылындагы “Лейлек» мечитинин имам-хатиби Марат кары Кубатбек уулуна аталган айылдын жашоочулары Honda Stream үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. 

Мындай кубанычтуу иш-чарага Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов катышып, төмөнкүлөрдү билдирди:

«Сиздердин имам жаш экенине карабастан дин үчүн зор мээнет кылып келет. Айыл эли тарабынан берилген унаа абдан кубанычтуу жаңылык болуп отурат. Берген белегиңиздер имамдын ишин жеңилдетип, Жараткандын ыраазычылыгы үчүн талыкпай кызмат кылууга дем-күч берет. Баарыңыздардан Аллах ыраазы болсун. Кызматыбыз Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана болсун» . 

Белгилей кетсек, айылдык имам Марат кары жаш болгонуна карабастан дин исламга кызмат кылып, жаш муундарга Куран үйрөтүү жаатында алгылыктуу иштерди аткарууда. Анын шакирттери Куран жаттоо боюнча ар кандай кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келет.

Ал эми имам эмгегин баалап, унаа белек кылган айыл элине, жамаатына жана ишкер тургундарга терең ыраазычылык билдирди.