Кызыл-Кыя хатибияты айымдар үчүн “Коомдо аялзатынын орду” темасында лекция уюштурду

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиевдин демилгеси менен Кызыл-Кыя шаардык хатибияты тарабынан айымдар үчүн атайын лекция уюштурулду. Лекцияда аялзатынын үйдөгү, коомдогу орду, келечек муунга туура тарбия берүүдөгү ролу, зыяндуу агымдардан алыс болуу туурасында айтылды. Ошондой алардын суроолоруна жооп берилди.

“Аялзаты билимдүү болсо – бала билимдүү болот. Тарбия берүүдө эненин орду чоң. Андыктан баланын билими, тарбиясы ата-энесинен көз каранды. Ошондуктан хатибият тарабынан айымдар үчүн бул лекция уюштурулду. Муну менен катар аялдар боюнча мындан ары да иш алып баруу чаралары жанданып, ыңгайлуу шарт түзүүгө аракет кылабыз”, – деди Нийматилла ажы Топчиев.

Жыйын соңунда демөөрчүлөрдүн колдоосу менен сый тамак уюштурулду.