Кадамжайдагы имамдарга жыйын уюштурулуп, 2024-жылга карата пландар талкууланды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Кадамжай районундагы борбордук мечитте Кызыл-Кыя шаарынын Кадамжай районунун имамдарына жыйын өткөрүп, 2024-жылга карата иш-пландарды талкуулады.

Иш-чарага бардык казыят кызматкерлери, шаар-райондордун баш имам—хатибдери катышты.

Казыяттын ар бир кызматкерлери өз ишмердиги тууралуу имамдарга маалымат берип, Муфтияттан келген тапшырмаларды, Казыяттын пландарын айтып берди.

Ал эми 2024-жылга карата төмөнкү маселелерге маани берүү зарылдыгы белгиленди:

• Мечит-медреселерди каттоодон өткөрүү;

• ЖМК менен кызматташууну күчөтүү;

• Имамдардын билимин жогорулатуу,

• Ысырапкерчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

• Ханафи мазхабы жана матуриди акыйдасын бекемдөө;

• Кайрымдуулук иштерин күчөтүү;

• Улут аралык мамилелерди чыңдоо;

• Мечиттеги иш-чаралар жана бирдиктүү форма;

• Жаштардын руханий жактан өсүшүнө багытталган баяндама жана лекцияларды өткөрүү. 

• Аялдар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

• Жашы жете электерге нике кыюуга жол бербөө тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Жыйын соңунда Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров мечит, имамдын жана азандын исламдагы орду тууралуу баяндама жасады. Ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан имамдарга казыят тарабынан Ардак грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды.