Эрмекали Ботобаев: «Айланабыздагы адамдарга кылган жакшы мамилебиз – өлкөбүзгө кошкон салымыбыз»

Бүгүн, 17-январь күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун РИИБинде мектептин жогорку класс окуучуларына атайын ачык эшик астында иш-чара өткөрүлүп, ага райондун хатибият кызматкери Эрмекали Ботобаев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ботобаев Эрмекали Ислам баалуулуктары, ата-энени сыйлоо, мекенди сүйүү жана улууга урмат кичүүгө ызат деген темаларда баяндама жасады.

«Жүрүм-туруму жакшы, ата-энесин жана айланасындагы адамдарга жакшы мамиле кылган адептүү окуучу болуу да өлкөнүн өнүгүшүнө салым болуп саналат. Мекенди коргоо, үй-бүлөдөгү бактылуулукту сактап калуу менен башталат. Силер улууга урмат кичүүгө ызат кылып, жакшы илим алуу менен Мекенге, эл-журтка пайдасы тийген улан-кыздардан болгула», – деди Эрмекали Ботобаев.