Лейлек районунда «Имамдын коомдогу орду» аталышындагы жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 17-январда Баткен обусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү. 

Жыйындын жүрүшүндө имамдарга Муфтияттан берилген тапшырмалар жана казыяттын 2024-жылга карата иш-планы тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле  ар бир казыят кызматкери өз ишмердиги жөнүндө айтып берди.

Жыйында Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров “Имамдын коомдогу орду” аттуу темада кеңири түшүндүрмө берип, төмөнкүлөргө токтолду. 

«Имам – бул элди туура багытка чакырган, жамандыктан кайтарган, аларга насаат айткан, муктаждарга туура кеңеш берген, билбегенин үйрөткөн, кайдигерликтен куткарып, туура жол көрсөткөн элди жетектеген насаатчы болушу керек. Анткени ал коомдук жашоого чоң таасир этүүчү, аларды туура жолго үндөөчү таасирдүү киши. Ошондуктан имам элге эң жакшы сапаттары менен үлгү болушу керек», — деди Нуридин ажы Мамасабиров. 

Муну менен катар  кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан имамдарга казыят тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.