Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Атага иш сапары менен барды

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Бакай-Атага жасаган иш сапарынын алкагында район акими Алгынбай Имаров менен жолугушту. Жолугушууда райондогу диний абал жана 2024-жылда аткарыла турган иштер талкууланды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев 2023-жылда биргелешип аткарган кызматы үчүн район акими Алгынбай Имаровго алкыш айтып, казыяттын атынан Ыраазычылык баракча тапшырды.

«Бул жылы абдан тыгыз иш алып бардык. Алланын колдоосу менен көптөгөн иштерди биргелешип аткарууга жетиштик. Буйруса, мындан ары да алдыдагы пландарды аткарууда кызматташа берели», — деди облус казысы.

Аким менен жолугушуудан соң облус казысы Бакай-Ата районунун имам-хатибдери менен жолугушту.

«2023-жыл биз үчүн жемиштүү жылдардан болду. Мечиттердин документтери, тазалыгы жана өрт коопсуздугу шаймандары калыбына келтирилди. Буйруса, мындан ары жаңы курулган мечиттер документтери толук бүткөндөн кийин гана ачылуу аземи болот. Имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында аалымдарды чакырып, жумасына бир жолу сабак уюштуруп жатабыз. Сабакка активдүү катышып, пайдаланып калыңыздар», — деди облус казысы.

Жыйындын соңунда имамдарга Куран китеби белек кылынды.