Кара-Сууда аз камсыз болгон 100 балага жардам көрсөтүлдү

Бүгүн, 18-январь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Сармазар» мечитинин имам-хатиби Рахимжан ажы Нишановдун демилгесин өзүнүн жамааты колдоого алып, аз камсыз болгон 100 балага кышкы кийимдерди белек кылышты. Аталган кайрымдуулуктун жалпы суммасы 70 миң сомду түздү.

«Кыштын күнүндө балдарыбыздын ден соолугуна кам көрүү максатында демөөрчүлөр менен жакшылык ишти баштадык. Башка колунда бар инсандар дагы кайдыгер болбостон, айланасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берсе деп ниет кылабыз», — деди Рахимжан ажы Нишанов.

Аталган мечиттин имамы ар дайым уюштуруу иштеринде өзүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп келерин райондун баш имам-хатиби төмөнкүчө билдирди.

«Рахимжан ажы Нишанов «Сармазар» мечитинде 10 жылдан бери эмгектенип келе жатат. Мына ушул 10 жыл аралыгындагы кайрымдуулук иштерин байма-бай уюштуруп, башкаларды да жардам берүүгө үгүттөп келет. Аллахым кылган кызматтарынан ыраазы болсун», — деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.

Белгилей кетсек, аталган жардамдарды өз дарегине жеткирүүдө айыл башчылар менен биргеликте иш алып барылды.