Баткенде өз ишин мыкты аткарган имамдар сыйланды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана казыят кызматкерлери  Баткен районунун имамдарына жыйын өткөрүп, Муфтият, казыят тарабынан берилген  тапшырмалардын аткарылышы боюнча маалымат берди. Ошондой эле жыйындын алкагында имамдар жыл жыйынтыгын чыгарышып, жетишкендиктер жана кемчиликтерге токтолушту.

Жыйында Нуридин ажы Мамасабиров  ар бир имам өз ишине жоопкерчиликтүү болуусу керек экендигин айтып, имамдарды кесипкөйлүккө чакырды.

Андан соң дин кызматкерлери тарабынан сунуш-пикирлер айтылып, ишти жакшыртуу боюнча атайын чечим кабыл алынды.

Жыйындын соңунда кызматтык милдеттерин аткарууда ийгилик жараткан имамдарга казыят тарабынан Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.