Эмирлан ажы Бообеков: «Тынчтык, амандык – Кудай тааланын бизге берген немат-жакшылыгы»

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу Сопу-Коргон, Терек, Көлдүк жана Чий-Талаа айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Жолугушууда баш имам-хатиб ынтымак жана биримдик тууралуу баяндама жасап, элди бөлүнүп-жарылуудан алыс болууга чакырды.

«Урматтуу бир туугандар. Тынчтык, амандык – Кудай тааланын бизге берген немат-жакшылыгы. Биз бул жакшылыкты ынтымак менен сактап калуубуз керек. Бардыгыбыз бир тууганбыз. Аллах Таала Ыйык Куранда: «Чындыгында ыймандуулар – бир тууган. Ошондуктан бири-бириңердин ортоңорду түздөгүлө!» – деп буйрук кылган. «Ынтымак мүрөк суусундай, чыр-чатак жылан уусундай» деп бекеринен айтылган эмес», – деди Эмирлан ажы Бообеков.

Баш имам-хатиб ошондой эле аталган аймакта жайгашкан мечиттердин ишмердүүлүгү менен таанышты. Өзгөчө тазалыкка көңүл буруу керектигин мечит имамдарына эскертип өттү.