Кара-Суудагы «Урумбай Ата» мечитинде заманбап даараткана салынып, пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы Асан Чек айылында жайгашкан «Урумбай Ата» мечитинин жаңы дааратканасынын курулуш иштери заманбап тейде бүткөрүлүп, элге пайдаланууга берилди.

Курулуш иштерине жалпысынан 1 млн сомдон ашык сумма сарпталган. Дааратканада кол-бут аарчуу үчүн атайын сүлгүлөр коюлур, аларды тез-тез жууп-тазалап туруу максатында атайын кир жуучу машина орнотулган.

«Алмазбек кары имам болуп келгенден бери мечитте ибадат кылууга жакшы шарт түзүү демилгесин баштаган. Имамдын демилгесин мечит жамааты жана айыл жаштары колдоого алып, заманбап даараткана салынды. Бул дааратканада түзүлгөн шарттар көпчүлүккө үлгү боло алат», – деди баш имам-хатиб Абдирашит ажы Батыров.