Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан Абдирашит ажы Батыровго Ыраазычылык баракча тапшырылды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров райондун мамлекеттик администрациясынын жыл жыйынтыгы боюнча өткөн жыйынга катышып, Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы жана жигердүү эмгеги үчүн Кара-Суу районунун акими тарабынан Ыраазычылык баракча менен сыйланды. Ошондой эле жакшылык иштерди аткарууда талыкпай эмгектенип келе жаткандыгы үчүн райондогу жалпы дин кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди.

2023-жыл ичинде Кара-Суу райондук хатибияты райондогу жалпы имамдар менен биргеликте КР Президентинин №54 Жарлыгына ылайык, ысырапкерчиликтин ордуна 2030 аз камсыз болгон үй бүлөлөргө 4 млн 225 миң сомдук, 73 үй-бүлөгө 233 миң сомдук кышка карата көмүр жана азык-түлүктөр берилгендиги, 121 үй-бүлөгө 360 миң сом акчалай жардам, 130 үй-бүлөнүн балдарына 412 миң сомдук кышкы кийимдер таратылгандыгы, имамдар тарабынан жума баяндарда ысырапкерчиликтин алдын алууда түшүндүрүү иштери жогорку деңгээлде жүргүзүлүнгөндүгү, дин кызматкерлердин тазалык иш-чарасында активдүү катышкандыгы баса белгиленди.

Аталган жыйынга КР Президентинин Ош облусунун укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Шайлообек Козубаев, Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев, акимдин орун басары Айжан Куланова, аппарат жетекчилер, укук коргоо органдарынын, күч түзүмдөрүнүн жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдары, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелеринин, айыл өкмөттүн кызматкерлери, айылдык кеңештин төрагалары жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Абдирашит ажы Батыров баштаган дин кызматкерлери катышты.

Жыйындын соңунда комиссия тарабынан Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын ишмердүүлүгү «жакшы» деп табылды.