Нуридин ажы Мамасабиров: «Динибизде ден соолукту сактоо маанилүү принцип»

Кечээ, 20-январда Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров Баткен шаарында «Алтын алакан» балдардын ден соолугун чыңдоо борборунун ачылуу аземине катышып, ислам дининде ден соолуктун ордуна токтолду.

«Ден соолук – аманат болсо, балдар биздин келечегибиз. Ата-энелер балдарыбыздын ар тараптуу мыкты тарбияланышына, өзгөчө ден соолугу чың болушу үчүн кам көрөбүз. Эми балдардын ден соолугуна кам көрүү боюнча Баткен шаарында «Алтын алакан» балдардын массаж борборунун ачылып, элибизге дарыланууга ыңгайлуу шарт түзүлдү. Андыктан ар бир жаран ден соолукка кам көрүшү зарыл. Адамдын жаны аманат болгондуктан, динибизде ден соолукту сактоо парз болуп саналат», – деди Нуридин ажы Мамасабиров.

Белгилей кетсек, балдардын ден соолугун чыңдоо борборунда кесипкөй невролог жана ортопед врачтар кызмат көрсөтөт. Дарылоо борбору Баткен шаарынын С. Айматов көчөсүндө жайгашкан.