Ноокатта айыл имамы өз каражатына мечитти жылуулук менен камсыздады

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл аймагындагы Борко айылында жайгашкан «Азирети Усман» мечитинин имамы Абдикарим ажы Бакиров өзүнүн жеке каражаты менен мечитти жылуулук менен камсыздоо иштерин жасады.

Жылуулук менен камсыздоо иштеринде жылыткыч меш, жылуулук батарейкалары ж.б. чыгымдары жалпы 150 миң сомдун тегерегинде болгон.

Имамдын мечитке ылайыктуу шарт түзүү иштерин жергиликтүү демөөрчүлөр да колдоого алып, мечитке эки колонка алып беришкен.

Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров аталган иштерди жеринен барып көрүп, имамга ыраазычылык билдирди.

«Кайтыш болгон апаңыздын атына жасаган жакшылыктарыңыз кабыл болсун. Башкаларга үлгү боло турган иш жасапсыздар. Аллахым ыраазы болсун», – деди Бекназар ажы Жапаров.