Эрик ажы Молдокулов Нарын районунун мыкты имамдарын сыйлап, жашы улуу имамдарга чапан жапты

Кечээ, 21-январь күнү Нарын районунун имамдарынын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жолугушууга  облус казысы Эрик ажы Молдокулов, казыяттын эсеп-кысап адиси Орозобек Жунушов, Нарын районунун баш имам-хатиби Рустам Чыров катышышты.

Чогулушта имамдардын 2023-жылда аткарылган жана алдыда аткарыла турган иштери тууралуу талкуу болду. Алгач облус казысы Нарын районунундагы 40 мечиттин 38 и эсептик каттодон өтүп, облустук текшерүү учурунда да Нарын районунун мечиттеринин кемчиликтери аз болгондугун баса белгилөө менен бул имамдардын эмгеги экенин айтып, жалпы имамдарга ыраазычылыгын билдирип өттү.

Ошону менен катар ар бир имам өз мечиттериндеги айрым кемчиликтерди  жоюуну, эл менен тыгыз иш алып барууну, муфтият жана казыяттан келген буйруктарга өз убагында жооп берип турууну,  нике кыюуда нике журналын дыкаттык менен толтурууну талап кылды. Мындан сырткары  алдыдагы ыйык Рамазан айына даярдыктарды азыртадан баштоону, Курман айтка айыл тургундарынын жигердүү катышуусун камсыздоо, эл менен  иш алып барууда керек болсо казыяттын кызматкерлерин чакырып турууну буйруду.

Чогулуш соңунда келген имамдардын арасынан өз кызматтарында активдүүлүк көрсөткөн айрым имамдарга облустук казыяттын мактоо баракчалары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Мындан тышкары облус казысы өзүнүн атынан райондогу ак сакал имамдарга чапан жаап, калпак кийгизип, жалпы дин кызматкерлерине терең ыраазычылыгын билдирүү менен иштерине ийгилик каалап өттү.