Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Оштогу «Абдурахман бин Ауф» медресесинин студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 22-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү менен КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагындагы Жийделик айылында жайгашкан «Абдурахман бин Ауф» медресесинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда, «Адамдарды динден чыгаруудан алыс болуу керек. Ибадатын аткарбаган адам күнөөкөр болот. Биз аны динден чыгарбайбыз. Анткени биздин акыйдада ибадат менен ыйман өз алдынча каралат», — деди Жоробай ажы Шергазыев.

Ал эми Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Эмил Андартегин: «Ислам илимдери — үч багытта. Ыйман (акыйда), Ислам (фикх) жана Ихсан (тасавуф). Акыйда — диндин идеалогиялык багытты. Фикх — укуктук багыты. Тасавуф — адеп- аклак, жан дүйнөнү тазартуу багыты», — деди өз лекциясында.

Ошондой эле АК мүчөсү менен студенттер ортосунда акыйда маселелери боюнча суроо-жооп талкуусу уюштурулду.

Айта кетсек, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн топтун расмий иш сапарынын алкагында Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушуу пландалган.