Жайылдагы мыкты имамдарга казыяттын Ардак грамоталары тапшырылды

Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков Жайыл районунун Сосновка айылындагы «Чоң Кыргыз» атындагы мечитинде жалпы имамдарга чогулуш өткөрдү.

Жыйында облус казысы жыл ичинде мыкты иш алып барган 10 имамга казыяттын атынан Ардак грамоталарын тапшырып, 2024-жылы аткарылуучу иш планындар менен тааныштырып, КМДБдан, Казыяттан келген буйруктарды так аткарууга чакырды.

«Аллах Таала ыйык Куранда «Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик (келет). Чындыгында, кыйындык улай жеңилдик (келет)» деп буюрган. Бул Улуу Жаратуучунун убадасы! Кыйынчылык канча чоң болбосун сөзсүз түрдө анын артынан эки жакшылык келет. Сиздердин жоопкерчилик бул дүйнөдө да, акыретте да чоң. Жоопкерчилик канча чоң болсо, сыйлык да ошого жараша чоң болот. Ошондуктан талыкпай эмгектенип келе жаткан сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Мындан ары да ишиңиздер ийгиликтүү болсун», — деп белгиледи облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков.