Алимбек ажы Маматаминов: «Ысырап кылбай, мээнетиңиздин кадырын билиңиз»

Бүгүн, 22-январь күнү Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондогу Көк-Суу айылынын жашоочулары менен «Каландаров Абдимажит» атындагы мечитте жолугушту.

Жолугушууда райондун баш имам-хатиби мазхаб кармануу, ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча кеңири баяндама жасады.

«Маркумду акыркы сапарга узатууда ысырапкорчулукту болтурбоо туурасында эки жылдан бери айтып келебиз. Ошондой эле жакшылык болгон тойлордо да ысырапкорчулук кылбай, мээнетиңиздин кадырын билиңиз. Канча жылда тапкан мал-мүлкүңүздү бир күндө сапырып жибербеңиз. «Тойдон кийин да тон керек» деп бекеринен айтылган эмес», — деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.