Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров иш сапары менен Кайыңды айылына барды

Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана анын орун басары Муса ажы Жолдошов иш сапары менен Баткен районунун  Дара айыл өкмөтүнө караштуу алыскы Кайыңды айылына барып, “Максым Ата” мечитинде жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту.

Эл менен болгон жолугушууда облус казысы диний абал, казыяттын ишмердүүлүгү, ысырапкерчиликтин кесепети, ынтымактын шарапаты жана үй-бүлө баалулуктары туурасында баяндама жасады.

Ошондой эле мазхаб жана акыйда темасына басым жасалып, ар түрдүү терс агымдарга азгырылбоо, диний илимди муфтият расмий уруксат берген окуу жайлардан жана мечит имамдарынан алуу керектиги билдирилди. Аны менен катар элди бири-бирине кайрымдуу болуп, биримдикти биринчи орунга коюу үндөлдү.

Ал эми жергиликтүү тургундар жеке жашоосундагы жана коомдогу көйгөйлүү маселелердин шарияттык жол-жоболору боюнча суроолорун беришип, жооп алышты.