Баткен районунун баш имам-хатиби медресе студенттерине 800 миң сомдук кийим-кечелерди таратты

Бүгүн, 22-январда Баткен районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси, чет өлкөдө эмгектенип жаткан мекендештердин колдоосу менен Баткен районундагы “Абу Бакр”, “Нур” медреселерине жана Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал”, “Баткен” медреселеринин студенттерине жалпы баасы 800 миң сомдук кийим кечелерди таратты. 

Абдурашид ажы Юнусов студенттерге кайрылып, илим алуунун пазилети тууралуу кеңештерин айтуу менен аз да болсо Баткен райондук хатибиятынын атынан көрсөтүлгөн жардамдарды кабыл алып, себепчи болгондорго дуба кылууну суранды. 

“Динибизде кайрымдуулук кылуу — жардам берүү гана эмес, адамдардын бири-биринин көңүлүн көтөрүп, жакшы сөз айтышы же жөн гана жылмаюу да өзүнчө кайрымдуулук болуп эсептелет. Эң негизгиси Жараткандын ыраазычылыгы үчүн жасаш керек, ошондо берекеси жана пайдасы болот. Биз медресе студенттерин ар дайым колдоп, аларга ыңгайлуу шарт түзгөнү аракет кылабыз. Буйруса кайрымдуулук иштерди улантабыз”, — деди Абдурашид ажы Юнусов.