Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Оштогу диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушууда

Бүгүн, 22-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушууда.

Кезектеги жолугушуу Кара-Суу районунун Мады айыл аймагындагы «Жабир» кыздар медресесинин студенттери менен болуп, андагы лекцияга «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студент кыздары дагы катышты.

Аталган лекцияда ислам негиздери, акыйда маселелери боюнча талкуу болуп, аягында суроо-жооп жыйынтыкталды.