Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Кара-Суу районундагы жалпы диний окуу жай студенттери менен жолугушту

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн топ Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жайгашкан «Мухаммад ибн Хасан Шайбаний», «Апиза эне», «Салман Фарсий», «Абдыжапар», «Абдурахман бин Ауф», «Жабир» ж.б. диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда мазхаб кармануу, туура эмес диний агымдардан сактануу, акыйда маселелери сыяктуу өзөктүү маселелер боюнча лекциялар окулду.

Айта кетсек, Кара-Суу районундагы диний окуу жайлардан кийин Ноокат районунда жайгашкан диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушуу мерчемделген.