Талас облусунун мусулмандарынын казысы Талас районунун акими менен жолугушту

Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев  Талас айонунун акими Нургазы Нармырзаев менен жолугушуп, 2023-жылда биргелешип аткарган кызматы үчүн алкыш айтып, Ыраазычылык барагын тапшырды.

Жолугушууда эки тарап тең артта калган 2023-жыл жемиштүү жана ийгиликтүү жылдардан болгондугун белгилеп, буйруса мындан ары да алдыдагы пландарды аткарууда биргеликте иш алып барууну макулдашышты.

Андан кийин облус казысы Талас районундагы имам-хатибдер менен жолугушуп, бир катар маселелер каралды. Анын алкагында Сулумбек ажы ар бир имам ислам динин элге туура жеткирүүдө мазхаб кармануу жана туура акыйданы жакшы билүүсү зарыл экенин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда имамдарга Куран китептери таратылды.