Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Апиза эне» ислам институтун зыярат кылып, окуу жай студенттерине лекция окушту

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн топ расмий иш сапарынын алкагында Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттери менен жолугушуу планына ылайык, Кара-Суу районундагы «Исмаил Ата» борбордук жума мечитинде «Апиза эне» ислам институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда АК мүчөлөрү КМДБнын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин муфтият кызматкерлери менен биргеликте атайын он күндүк, бир жумалык окууларды, жолугушууларды, лекцияларды уюштуруу боюнча демилгесинин алкагында келгенин билдирип, сахабалардан үлгүлүү өрнөктөрдү алуу, туура түшүнүктө болуу, динди жамынып алган ар кандай агымдардын жайылып кетишинин жана бөлүнүп-жарылуунун алдын алуу, илимге көңүл буруу, Куран жаттоонун пазилеттери тууралуу түшүнүк берип, Ханафи мазхабын, Матуриди акыйдасын терең жайылтуу керектигине басым жасашты.

Студенттер менен жолугушуу суроо-жооп менен жыйынтыкталды.