Абдималик ажы Турсунбеков: «Ибадатты аткаруудан алдын анын жол-жоболорун үйрөнүү зарыл»

Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер боюнча адиси Абдималик ажы Турсунбеков умра сапарына аттанып жаткан жарандарга умра ибадаты боюнча атайын лекция окуду.

«Умра ибадатын аткаруу үчүн каражат чогултуп, атайын жолго аттанып жатасыздар. Умра ибадаты тууралуу туура, так маалымат алып алыңыздар. Ибадатты аткаруудан алдын анын жол-жоболорун үйрөнүү зарыл. Кайсыл учурда эмне кылуу керек, эмне кылса болот же болбойт, ушул сыяктуу бир топ маселелерди алдын ала уюштурулган сабактарга катышып, үйрөнүп алыңыздар. Эң негизгиси ибадат аткарууда сабырдуу болуп, айланаңыздагы инсандарга жакшы мамиледе болуңуздар. Мындай жүрүм-турумду умра ибадатын аткарып келгенден кийин да токтотпоңуздар», — деди Абдималик ажы Турсунбеков.