Өзгөндөгү борбордук мечиттин дааратканасы жаңыланды

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун хатибиятынын демилгеси, демөөрчүлөрдүн колдоосу аркылуу борбордук мечитинин дааратканасы заманбап шарттары менен жаңыдан салынып, пайдаланууга берилди.

«Ибадаттын жакшы болуусу даарат алуудан башталгандыктан, жамаатка даарат алуусуна жакшы шарт түзүү максатында демөөрчүлөрдүн колдоосу аркылуу заманбап даараткана салынып, пайдаланууга берилди. Салым кошкондордон Аллахым ыраазы болсун», — деп билдирди баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров.