Нурдан ажы Өмүралиев Алексеевкада ысырапкерчилик боюнча баяндама жасады

Чүй облусунун Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев Алексеевка айылындагы Алексеевка орто мектебинин жыйындар залында айыл тургундарына КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын ишке ашыруу алкагында ысырапкерчиликти болтурбоо жана экстремизм, терроризмдин алдын алуу боюнча атайын баяндама жасап, төмөндөгүлөргө токтолду:

«Аллах Таала Ыйык Куранда «Жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла» деп бизге кайрылган. Бирок адам баласы унутчаак болот экенбиз. Бардарчылык жашоого жетүү үчүн күн-түн дебей, ысык-суукка карабай талаалап, миграцияда жүрүп, башыбыздан канчалаган кыйынчылыктарды өткөрүп дүйнө таап келип, бирок келечекке эч бир пайдасы жок нерсеге коротуп жиберүү бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Ошондуктан урматтуу калайык-калк, той-топурлардагы, өлүм-житимдердеги ысырапкерчиликти кан буугандай токтололу».