Жайылда имамдар ортосунда футбол боюнча турнир уюштурулду

Чүй облусундагы Панфилов, Жайыл жана Москва райондорунун имамдары ортосунда ынтымакты бекемдөө, тажрыйба алмашуу, ден соолукту чыңдоо максатында футбол турнири уюштурулуп, биринчи орунду алгандарга грамота, медалдар тапшырылды.

Имамдар арасында өткөн кызуу таймаш төмөнкүдөй жыйынтыкталды:

Биринчи орун — Панфилов районунун имамдары;

Экинчи орун — Москва районунун имамдары;

Үчүнчү орун — Жайыл районунун имамдары.

Эскерте кетсек, бул иш-чараны ай сайын уюштуруу пландалууда. Кийинки турнир Москва районунда өткөрүлүүсү мерчемделүүдө.