Жети-Өгүздө имамга жана анын жубайына умрага жолдомо белек кылынды

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Жон-Булак айылынын имамы Миржан Эдиловго аталган айылдын 1996-жылы туулган жаштары тарабынан умра сапарына жолдомо тапшырылды.

Казыяттан билдиришинче, имамдын элге кылган көп жылдык кызматы бааланып, жаштар ыраазычылык билдирип, ушул кубанычтуу сыйлыкты белек кылышкан.

Имамга жолдомо белек кылынганда айылдын чет жерде эмгектенип жүрүшкөн жаштары да колдоого алышып, имам менен бирге барып келүүгө жубайына да жолдомо беришти. Аталган айылдын имамы жаштарга ыраазы болуп, Жараткан Алла Тааладан жакшылык, ыраазылык жана береке тилеп, тургундарга ыракматын айтты.

Белгилей кетсек, ушул эле айылдын жашоочулары жаз айларында имамга автоунаа белек кылышкан.