Ош облустук казыяты 2024-жылда аткарылчу иш планын талкуулады

Бүгүн, 23-январь күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын эмгек жамаатынын кезектеги жыйыны болуп, анда 2024-жылдагы иш план талкууланды. Облус аймагындагы баш имам-хатибдердин жылдык пландары угулуп, алымча-кошумча сунуштар айтылды. Негизинен жалпы хатибияттардын иш планы жактырылды.

Түзүлгөн иш пландарда негизинен төмөнкү маселелер каралган:

— Мектеп окуучулары, жогорку окуу жай студенттерине лекцияларды уюштуруу;

— Имамдарга окуу курстарын туруктуу уюштуруп туруу;

— Эсептик каттоодон өтө элек диний объектилерди каттоо;

— Кайрымдуулук иштери;

— Диний сабаттуулукту жогорулатуу үчүн жарыштарды өткөрүү.

Ошондой эле, казыяттын, жергиликтүү бийлик, ДИМК ТАБ, күч органдары менен биргеликте түзүлгөн беш тараптуу иш планда көрсөтүлгөн иштер да эске алынды.

«Жыл ичинде аткарылуучу иштерди алдын ала пландап, бир тартипте иш алып баруу жакшы натыйжасын берет. Кайдыгерлик кылбастан, иш планда көрсөтүлгөн иштерди жогорку деңгээлде аткаралы», – деди облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев.