Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ноокаттагы медреселерди зыярат кылып, студенттерге акыйда боюнча лекцияларды окууда

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган иш тобу Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ноокат районунун аймагындагы ДОЖ студенттери менен жолугушууну улантууда. Алсак, «Молдо Таабалды», «Имам Термези» жана «Абу Бакр» медреселери зыярат кылынды.

«Оболу Алланын жардамы менен жолугушууларыбыз жогорку деңгээлде өтүүдө.  Бул өз кезегинде студенттер үчүн өтө пайдалуу болсо, экинчи жагынан борбордук аппарат менен аймактагы мекемелердин байланышы бекемделмекчи», – деп билдирди КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев.

Белгилей кетсек, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турган топ аймактагы ДОЖ студенттери менен атайын жолугушууларды уюштуруп, матуридилик акыйдасы жана ханафилик мазхабы жөнүндө тереңдетилген маалыматтарды бөлүшүүдө.