Жалал-Абад облустук казыятында жаңы теледолбоор башталды

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятында “Казыга келген каттар” аталышында жаңы долбоор башталды. Долбоордун автору жана алып баруучусу казыяттын маалымат боюнча адиси Талгат Абдракманов. Адистин айтымында, долбоордун максаты Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына кат менен кайрылган жарандардын катына облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдон жооп алып берүү.

Долбоордун алгачкы берүүсү кечээ “Түз багыт” медиа порталынын YouTube каналына жүктөлдү. Казыяттан маалымдашынча, аталган долбоор эми облустагы телеканалдардын бири аркылуу коомчулукка жарыяланат.

Жаңы башталган долбоордун ишине облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков ийгиликтерди каалап, долбоор ийгиликтүү жана берекелүү болушун, кылымдар бою исламга кызмат кылышын тилеп ак батасын берди.

Айта кетсек, облус жашоочулары +996770272525  WhatsApp номуру аркылуу өздөрүн кызыктырган дин жана шарият тууралуу суроолорун казыга бере алышат.