Чүй районунда эки имамга умрага жолдомо тапшырылды

Чүй районунун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаев жана жергиликтүү жамааттардын көмөктөшүүсү менен биргеликте Чүй районунун Султан айылындагы «Мухаммад Юсуф»  атындагы мечитинин имамы Аюп Кожокматовго жана Арал айылындагы «Арал 1» мечитинин имамы Адилет Айталиевге умрага жолдомолор тапшырылды.

Өз кезегинде имамдар демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиришип, аларга береке тилеп дуба кылышты.

«Буюрса бул жөрөлгөбүз акыркысы эмес. Имамдарыбыздын кызматы нар көтөргүс. Элибиз имамдарды ушинтип колдоп турса имамдарыбыз дагы да күчтөнүп эл үчүн, дин үчүн кызмат кылууга болгон күчүн жумшайт деп ишенем», — деп билдирди Сапарали ажы Акбаев.