Нематулла ажы Жээнбеков: «2024-жылды өзүбүз үчүн илим алуунун жылы деп жарыялайлы»

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын жыйындар залында Жалал-Абад шаарындагы мечит имамдарынын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган жыйын өттү. Жыйынга облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков, казы орун басары Алибек ажы Батыралиев баш болгон казыят кызматкерлери, Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов, шаардагы 14 жума мечиттин, 26 беш намаз мечиттин имамдары, алардын орун басарлары, азанчылары жана мутавалилери катышты. 

Жыйында облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш-чаранын максаты, алдыга коюлган пландар жөнүндө айтып, имамдардын милдеттери, намаз убактылары менен азанчылардын ишине токтолду.

«Урматтуу имам дамлалар, михраб сиз менен бизге берилген аманат жана жоопкерчилик. Ошондуктан михрабды бош калтырбай, беш убак намазга ар бирибиз өзүбүз өтөлү. Анткени сиз менен биздин артыбызда итаат кылып эргешкен жамаат бар экенин эсибизден чыгарбайлы. Азанчылар өз убагында кечикпей азан айталы. Мечиттин тазалыгы менен коопсуздугуна көңүл буралы. Өткөн жылдагы текшерүүнүн натыйжасынан сабак алып, кемчиликтерди жоёлу. Бул жылда имамдарыбыздын билим деңгээлин жогорулатууга көбүрөөк көңүл буруп, 2024-жылды өзүбүз үчүн илим алуунун жылы деп жарыялайлы», — деп билдирди. 

Казынын орун басары Алибек ажы Батыралиев үй-бүлө жана анын баалуулуктары жөнүндө түшүндүрү иштерин кеңири жүргүзүү мезгил талабы экендигин, казыятка арыз менен кайрылган жарандардын 3 төн 2 си талак боюнча кайрылып жатканын айтып, имамдарга нике кыюуда шарият эрежелерин толук сактап, КМДБнын талабына ылайык нике журналдарына каттоо иштерин толук кандуу колго алуу керектигин эскертти.

Жыйындын жүрүшүндө мечит боюнча адис Арпидин ажы Жороев мечиттерди каттоо иштериндеги кемчиликтер менен артыкчылыктарды айтты. Ал эми казыятын бухгалтери Тургунбек Керимкулов, мечиттердеги эсеп-кысап иштери жакшы болбой жаткандыгын, кириш-чыгыш журналдарын иретке салуу керектигине токтолду. Катчы жана кадр адиси имамдардын өздүк делелору жана аларды электрондоштуру учур талабы экендигине токтолду.

Мындан сырткары ар бир имам өздөрүнүн аткарган иштерин маалымат катары казыяттын маалымат адисине жибербей жатканын айтып, маалыматты даярдоодогу маани берилчү жагдайлар жөнүндө учкай айтып өттү.

Жыйын соңунда имамдардын эмгеги эске алынып, жыл ичинде алгылыктуу иш алып барган дин кызматкерлерине казыяттын жана шаардык хатибияттын Ыраазычылык каттары берилди.