Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 24-январь күнү Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту.

Лекция акыйда маселелери боюнча суроо-жооп иретинде болуп өттү.

Аталган лекцияга окуу жайдын мугалимдер жамааты жана студенттери катышты.