Сайдамир ажы Жейналиев: «Адеп илимден жогору болорун унутпоо керек

Кечээ, 23-январь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев баш болгон казыят кызматкерлери, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунун баш имам-хатибдери «Имам Абу Ханифа Нуман бин Сабит аль-Куфи» атындагы медресени зыярат кылып, студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев медресе жаштарына илим алуунун пазилеттерин жана илимден адепти жогору тутуу жөнүндө айтып өттү.

«Илим алуу адамдын даражасын көтөрөт. Бирок адеби жок илим алган адамды шерменде кылат. Анткени адеп илимден жогору болорун унутпагыла. «Өзүңдү эр ойлосоң да, башканы шер ойло» демекчи, текебер болбой, ар дайым жөнөкөй болгула», — деди Сайдамир ажы Жейналиев.

Айта кетсек, аталган диний окуу жайдын тазалыгы, өрт коопсуздугу каралган жана жылуулук менен толук камсыздалган.