«Имам Матуриди» ислам институтунда Имам Матуридинин өмүр жолу жана ахли сүннөткө салымы жөнүндө лекция окулду

Бүгүн, 24-январь күнү Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жайгашкан «Имам Матуриди» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда ахли сүннөт жамаатынын эң негизги акыйда мазхабдарынын бири болгон матуридилик жана айтылуу залкар аалым Имам Матуриди жөнүндө маалыматтар айтылып, анын ислам динине кошкон нар көтөргүс салымы жөнүндө лекциялар окулду.

Жогорку деңгээлде өткөн жолугушуу суроо-жооптор менен жыйынтыкталды.