Аалымдар «Умму Мухаммад» медресесинде студенттер менен жолугушуу өткөрүштү

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылып, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда АК мүчөлөрү ислам акыйдасы жана шарияты жөнүндө сөз кылышса, КМДБнын Даават, жаштар жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазыев адеп-ахлак боюнча лекция окуду.