Акжол ажы Бакиров райондогу аксакалдар менен жолугушуп, батасын алды

Кечээ, 24-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу ар бир айыл өкмөттөн бирден болуп, чогулган аксакалдар жамааты менен жолугушту.

Аталган жолугушууда баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров ысырапкорчулуктун алдын алуу туурасында лекция окуп,

«Ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча ар бириңиздер өз айыл өкмөтүңүздөрдө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө бизге жардам берип, ар дайым ынтымакта чогулуп туралы. «Акылман карыя, агып турган дарыя» демекчи, кеп-кеңеш айтып ардактуу даанышман аксакал болуп бериңиздер», — деди Акжол ажы Бакиров.

Ал эми «Имам аль-Бухарий» ислам институтунун ректору Абдурахман кары Атабаев да катышып, ислам баалуулуктары тууралуу баяндама жасады.

Жыйын соңунда бул жолугушууну ар квартал сайын уюштуруу пландалды.

Белгилей кетсек, Өзгөн районунда 19 айыл өкмөт жана 1 шаар жайгашкан.