Тоң районунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыл ичинде өзүн көрсөткөн имамдарга сыйлыктар тапшырылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылынын «Миңжашар уулу Абдылда» атындагы мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү.

Жыл башындагы чогулушта өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, үстүбүздөгү жылда аткарыла турчу иш пландар, Рамазан айына мечиттерди даярдоо, мечиттердин жылуулугу, имамдардын ишмердүүлүгү, ысырапчылыктын алдын алуу, нике каттоосу, мечиттердеги сабактар, экстремизм, терроризмдин алдын алуу жана жаштар менен иш алып баруу боюнча маселелер каралды. 

Жыйында 2023-жылдагы көрсөткүчтөр эске алынып, «үлгүлүү мечит» жана «мыкты имам» аталышындагы сыйлыктар тапшырылды. Алсак, көп жылдан бери имамдык кызматты аркалап жүргөн имамдар Кутчу Үсөнбаевге, Жылдызбек Карасартовго жана райондогу мечиттерди каттоодон өткөрүүгө зор салымын кошкон Шаршенбек Абдылдаевге Ысык-Көл облустук казыяты тарабынан Ардак грамота берилди. Ошондой эле тазалыгы, элге түзүлгөн жакшы шарттары менен Төрт-Күл айылынын «Касмакун уулу Бейшен ажы», Кажысай айылынын «Рахмат» мечиттери «үлгүлүү мечит» деп табылса, Кара-Шаар айылынын имамы Эркинбек Асанов «мыкты имам» деп табылды. 

«Урматтуу имамдар, чыныгы сыйлык Алланын алдында болот. Андыктан ыклас менен элибизге кызмат кыла берели. Буюрса бул жылы мындан да жакшы иштерди көп-көп аткаралы. Иштерибизден Жараткан Алла Таала ыраазы болуп, кабыл кылсын», — деди баш имам-хатиб.

Баш имам-хатиб бул жылы айылдарга барып, сабактарды уюштурарын кошумчалады

Белгилей кетсек, өткөн жылда мыкты иш алып барган имамдарга Бөкөнбаев айылындагы ишкердин колдоосу менен кызыктыруучу белектер жана акчалай сыйлыктар да тапшырылды.