Токмокто имамдын демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Нурислам» мечитинин имамы Шакир Сахизовдун демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөнүн ар бирине бир кап ун, макарон, күрүч, кумшекер жана суу май таратылды.

«Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде «Садакадан байлык азайбайт» деп айтылган. Азыркы учурда билинбеген менен муктаж үй-бүлөлөр аз эмес. Биз өзүбүздүн гана камыбызды ойлой бербей тууган-урук, кошуна-колоңдордун абалын да сурап туруубуз зарыл. Анткени Аллах Таала Ыйык Куранда «Жакшылыкта жана такыбалыкта бири-бириңерге жардам кылгыла» деп буйрган. Мындан улам колдон келип турган учурда жакшылык кылып калалы», — деп белгиледи аталган мечиттин имамы Шакир Сахизов.