Лейлекте зордук-зомбулуктун алдын алуу бонча жыйын өтүп, баш имам-хатиб баяндама жасады

Кечээ, 24-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана зомбулуктарды болтурбоо максатында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жыйын өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, РИИБдин кызматкерлери, имамдар, билим берүү мекемелеринин тарбиялык иштер боюнча орун басарлары, соц.педагогдор, аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештери, айыл өкмөттөрүнүн социалдык кызматкерлери катышты.

Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары М. Каримбердиева жыйынды ачып жана катышуучулар менен тааныштырды. Маалымат берүүчүлөр Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Кожобек Козубаев, Лейлек районунун имам-хатиби Сейитбек Полотов, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Мухтар Худайбердиев, аялдар кеңешинин төрайымы Эркинай Эржигитова, “Активист” коомдук бирикмесинин өкүлү Г. Сатыевалар кеңири сөз сүйлөдү.