Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Юлдашбай ажы» медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн топ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Юлдашбай ажы» медресесинин студенттери менен жолугушту.

Жолугушууда илим алуунун зарылчылыгы, мазхаб карманбоонун адашууга алып барышы, ибадат жана ишеним маселелери боюнча баяндама жасалып, суроо-жооп иретинде талкуу уюштурулду.

Айта кетсек, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү бир нече топко бөлүнүп, Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттерине лекция өтүшүүдө.