Кара-Сууда мектеп окуучуларына экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

Кечээ, 25-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл аймагындагы Ак-Өргө айылында жайгашкан №139 К. Эрматов атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучулары үчүн уюштурулган «Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» деген темадагы иш-чарага «Ас-Сарахсий» мечитинин имам-хатиби Орозбек Каримжан уулу катышып, өз баяндамасын жасады.

«Диний маалымат алууда адам баласы анализ жүргүзө алышы керек. Силер азыр жашсыңар, түрдүү нерселер кызыгуу менен жандашкан учуруңар. Ошол себептен «Жаш бутак тез ийилет» деп айтылса керек. Диний маалыматка ээ болууну кааласаңар, жергиликтүү мечит имамдарынан же КМДБнын расмий сайтынан алсаңар болот. Анткени интернет айдыңында маалыматтар туура же туура эмес экенин ажырата албай калууңар мүмкүн», — деди мечит имам-хатиби Орозбек Каримжан уулу.

Имам мектеп окуучуларынын кызыккан диний суроолоруна жооп берди.

Иш-чарага катышкан Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын улук ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Курстанбек Култаев тыюу салынган уюмдардын маалыматтык материалдарынан сак болууну айтып, болбосо мыйзам алдында жооп берип каларын эскертти.

Лекциянын жүрүшүндө мектеп мугалимдери окуучуларга Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар тууралуу слайд аркылуу маалымат чагылдырып беришти.

Аталган лекцияга «Ас-Сарахсий» мечитинин имам-хатиби Орозбек Каримжан уулу, Кара-Суу РИИБнин ЭММКАКнын улук ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Култаев Курстанбек, мектеп директору Малика Рахманалиева баш болгон мугалимдер жамааты жана мектеп окуучулары катышты.