Сокулук районунда Куран жарышы болуп өттү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Северный айылындагы «Сурони» мечитинде имамдын демилгеси менен жеткинчектердин арасында Куран жарышы болуп өтүп, ага айылдагы бир парага чейин Куран жаттаган балдар катышып, алдыңкы орундарды алгандар баалуу белектер менен сыйланды. Бул иш-чараны ошол эле айылдын 1987-жылы төрөлгөн азаматтар демөөрчүлүк кылышты.

«Бул иш-чараны өспүрүмдөр арасында өткөрүүдөн максат, алардын окууга болгон кызыгуусун арттыруу. Анткени бүгүнкү күндө колубуздагы смартфон келечек муунубузга терс таасирин тийгизип жатат. Мына ушундан улам жаштарыбызды бир аз болсо да окууга кызыктырып, ата-энени урматтоого үндөп, ушул саамалыкты уюштурдук. Куран бул Аллах Тааланын өзүнүн сөзү. Куранда жакшылык, береке бар», — деп билдирди айыл имамы Бостонбай Ашуров.