Жети-Өгүз имамдары 10 күндүк окуудан өтүүдө

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек Сагындыковдун демилгеси, казыяттын окуу боюнча адиси жана Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Акылбек уулу Талантбектин уюштуруусу менен Кызыл-Суу айылында имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында окуу болуп жатат.

Окуу курсу 10 күнгө созулуп, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасы, хадис илимдери, имамдын этикасы жана Куран, тажвид эрежелери темаларында өтүлүүдө. Окуу боюнча адис Талгат Соноев бул курс ар бир 10 күндө уланып, облус боюнча бардык имамдар окуудан өтөрүн билдирди.

Кошумчалай кетсек, имамдарды окутуу ар жылы кыш айларында казыят тарабынан уюштурулуп келет.