Ат-Башы хатибиятынын демилгеси менен 43 тонна көмүр таратылды

Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун Ат-Башы райондук хатибиятынын  демилгеси жана жеке демөөрчүлөрдүн көмөгү менен 43 тонна көмүр таркатылды. Алгач көмүрлөр хатибияттын короосуна түшүрүлүп, райондун баш имам-хатиби Абдулло Тахиров хатибияттын тизмесинде турган 75 муктаж үй-бүлөгө жарым тоннадан таратып беришти.

Кычыраган суукта көмүр алган адамдар хатибияттын кызматкерлерине жана демөөрчүлүк кылган адамдарга сүйүнүү менен терең ыраазычылыктарын билдирип өтүштү.

Маалымат иретинде  айта кетсек, буга чейин райондук хатибияттын короосунан 30 үй-бүлөгө жарым тоннадан таш көмүрү таратылып берилген. Мындан сырткары, Ат-Башы районундагы бардык 28 мечитке кара отун маселеси толук чечилип жылуулук берилүүдө.