Ош шаарында жалпы имамдарга жыйын өтүп, казыяттын иш планы бекитилди

Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов жыл башындагы алгачкы чогулушун өткөрүп, имамдарга 2024-жылдын иш пландары менен тааныштырды. 

Мирланбек ажы Токтомушов быйылкы жылы имамдарды окутуу жана диний сабаттуулугун күчөтүп, фикх, акыйда жана мамлекеттик тил боюнча дагы сабактарды уюштуруларын айтып, казыяттын жылдык иш планын бекитти. 

Белгилей кетсек, шаар казысы калаадагы жума окулчу мечиттерде жума баянынан кийин атайын 5 мүнөтүн автоунааларды унаа токтотуучу жайларга гана токтотууну айтып, имамдарга жамаатка эскертүүнү, башка адамдарга тоскоолдук жаратпашы керектигин айтты.