Азирети Муфтий өз каалоосу менен кызматын тапшырды

Бүгүн, 26-январь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин кезексиз протоколдук жыйыны болуп өттү. Жыйында Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы каралды. Натыйжада арызы канааттандырылып, Замир кары Ракиев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи кызматынан бошотулуп,  Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө кабыл алынды. Ага  байланыштуу КМДБнын уставына ылайык, Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучусу болуп бекитилди.

Муфтияттын ишин ырааттуу жүргүзүп, казыяттарды, аймактардагы хатибияттарды өнүктүрүп, бир топ алгылыктуу иштерди жүзөгө ашыргандыгы үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү жана муфтияттын эмгек жамааты Замир кары Ракиевге терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ишине ийгилик жана бекем ден соолук каалашты.